21.01.2019 10:40

«Циркти министрге калтырабыз» - Цирк артисттери жамааты менен жумуштан бошонуп кетүүнү чечишти

«Циркти министрге калтырабыз» - Цирк артисттери жамааты менен жумуштан бошонуп кетүүнү чечишти

Бишкекте цирктин жамааты ачык асман алдында оюн көрсөтөт. Мындай жол менен алар жетекчини дайындоонун айланасында башталып жаткан интригаларга каршылык билдиришмекчи. Бул туурасында труппанын жетекчиси Данияр Бөлөкбаев April.kg порталына маалымдады.  

Анын айтымында, цирктин директорлугуна келүүнү каалагандар көп болгондуктан, Маданият министрлиги жамаат бүтүндөй колдоп жаткан талапкерди дайындоону чоюп жатканы тууралуу белгилүү болгон. «Циркти министрге калтырабыз»

«Бизге балетмейстерди, кинорежиссёрду, жадагалса, уурулук кылып соттолгон адамды таңуулашты. Бирок, жамаат сөзүнөн кайтпай,жетекчиликке цирк чөйрөсүндө жүргөн адамды көрсөтүшүүдө. Көрүнүп тургандай, директорду дайындоонун тегерегинде коррупциялык оюндар башталды. Биз болсо, аларга чечкиндүү каршы чыгабыз», -деп билдиришет цирк артисттери.

Алар өздөрүнүн көйгөйүнө көңүл бурдуруу үчүн  митингге чыгып, ачык асман алдында оюн көрсөтүүнү чечишкен. Мындай жол менен алар президентке үндөрүн жеткирүүнү каалашат.

«Азырынча аткаминерлерге биздин кайрылуубуз менен талаптарыбыз жетпей жатат. Мындан улам, бүт жамаатыбыз менен жумуштан бошонуп кетүүнү чечтик. Циркти министрге калтырабыз, аренаны болсо, кандай жол менен болсо да, директордун кызматын ээлөөгө жандалбас кылып жаткандарга калтырдык. Мындай жол менен биз акыркы убакта туш болгон коррупциялык көрүнүштөргө өз каршылыгыбызды билдиребиз», -деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек,  цирк кызматкерлеринин ич күптүсү тууралуу 2018-жылдын ноябрынан тартып, белгилүү болуп баштаган. 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитети чыгармачыл жамааттын арызын карап, Маданият министрлигине бардык көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырган. 

27-ноябрда министр цирктеги ызы-чууну өзү текшере турганын айткан. Ошол эле күнү артисттер директорду кызматтан бошотуп, ордуна Аида Акматованы коюуну сунушташкан. 

29-ноябрда цирктин директору Курмангазы Исанаев  жок унаага 832 миң сомго май куйганы белгилүү болгон. 20-декабрда ал жумуштан бошотулган.