28.05.2018 08:50

ЦСКА футболисти 40 адамды боштондукка чыгарды

ЦСКА футболисти 40 адамды боштондукка чыгарды

Москвалык  ЦСКА үчүн келишим менен ойноп берип жаткан англиялык  «Лестердин» чабуулчусу Ахмед Муса Нигериянын Кано шаарында түрмөдө жаткан 40 адамды боштондукка чыгарды. Бул туурасында sportinglife.ng. жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, нигериялыктар карыздарын төлөбөгөнү үчүн темир тор артына туш болгон. Муса алардын эмне себептен камакка алынганын түрмө башчыларынан билген соң, алардын ордуна карыздарын төлөп берүүнү сунуш кылган.

Материалда ошондой эле футболист жакырларга тамак-аш жана акча бергени жазылат. 

Январдын аягында чабуулчу  келишимдин негизинде ЦСКАга өткөн. Буга чейин Муса кызыл-көктөр үчүн 2012-жылдан 2016-жылга чейин ойноп берген. Ал Россиянын 3 жолку чемпиону болуп, эки жолу Суперкубокту жана бир жолу  өлкө кубогун утуп алган. 

Муса 2010-жылдан бери Нигериянын курамасында ойноп келет.