27.03.2020 14:29

Дагы 14 адамдан коронавирус чыкты

Дагы 14 адамдан коронавирус чыкты

2020-жылдын 27-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Бул туралуу борбордук штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан катталды.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.

Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 27

Ош облусунда – 26

Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)

Баткен облусунда – 1