16.05.2019 21:00

Дамир Мусакеев Аскердик прокуратурага сурак берип чыкты

Дамир Мусакеев  Аскердик прокуратурага сурак берип чыкты

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев бүгүн, 16-майда Аскердик прокуратурага сурак берип чыкты. Бул туурасында КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Мусакеевди сурактагы сөздөрдү коомчулукка таратпоого милдеттендирип, тиешелүү кагазга кол койдуруп алышты. 

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди Башкы прокуратура  «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен айыптап жатат.  8-майда Башкы көзөмөл орган ага кылмыш ишин козгогон. Мусакеевди 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпташкан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.

10-май күнү Мусакеев  кабарчылар үчүн пресс-тур уюштуруп, өзүнө жана бир туугандарына таандык жер тилкелериндеги үйлөрдү көрсөтүп чыккан. Жана ата-энеси, бир туугандарынын болгон мүлкү 5-6 миллион сом болушу мүмкүн экенин, анын ичинен 500-600 миң сомдук мүлк гана ага тиешелүү экенин билдирген. 

Бүгүн эле анын кичи мекенинде Мусакеевди колдогон митинг өткөн.