15.05.2019 18:13

Дамир Мусакеевди кайсы иш боюнча суракка чакырышканы белгилүү болду

Дамир Мусакеевди кайсы иш боюнча суракка чакырышканы белгилүү болду

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевди Аскер прокуратурасы «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине күбө катары чакырган. Бул туурасында April.kg порталына Дамир Мусакеев өзү билдирди.

Анын айтымында, кечээ Аскер прокуратурасынан чалып, суракка чакырылаарын айтышкан. 

«Мен алардан алгач адвокатым менен убакытты тактап алууларын сурангам. Жактоочум Темирлан Кожакметов алдын-ала пландалган иш-чаралары бар экенин, дүйшөмбү күнү гана бошой турганын айткан экен. Буга карабастан, кечээ, 14-майда кечки саат 20:00 чамасында сотко чакыруу алдым. Бүгүн саат 15:00дө барып, жактоочум жок жооп бербей турганымды билдирдим. Анда саат 17:00гө жактоочуңарды көндүрүп, алып келгиле дешти. Адвокатыма чалсам, процессте экен, келе албайм деди», -деп билдирди Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы. 

«Кайра кирсем баягы эле суроо-жооп болду. Жактоочум жок жооп бербейм дедим. Ошону менен Аскер прокуратурасы кийинки сурак кайсы күнү, кайда болоору тууралуу эртең кабарлоону убадалашты», -дейт Дамир Мусакеев.  

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге УКМК «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле,  «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга»  айыптаган.