04.10.2019 09:38

Дамир Мусакеевди Молдовановкадагы колонияга которушту

Дамир Мусакеевди Молдовановкадагы колонияга которушту

УКМКнын 9-кызматынын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн Чүй облусунун Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүүчү колониясына которушту. Бул туурасында ЖАМКка шилтеме кылуу менен 24.kg жазып чыкты. 

Маалыматта Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы айтылат. Свердлов райсоту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыраткан. 

Дамир Мусакеевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпташкан.