23.05.2019 18:07

Дамир Мусакеевдин иши «жашыруун» белгиси менен өтүп жатат

Дамир Мусакеевдин иши «жашыруун» белгиси менен өтүп жатат

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевге кызматтык батирлер боюнча козголгон иштин соттук отуруму 24-майга жылдырылды. Бул туурасында April.kg кабарчысы Юлия Кулешова билдирди.

Бүгүн, 23-майда саат 16:30да Свердлов райондук соту Мусакеевдин акыркы сөзүн угуп, анан өкүм чыгармак. Бирок, айыпталуучунун жактоочусу отурумга келбей калганына байланыштуу процесс эртеңкиге, саат 15:00гө жылдырылды.

Дамир Мусакеевди УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турганда, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, УКМКнын балансындагы кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпташууда. Аскер прокуратурасы соттон аны 5 жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айып салууну суранган. 

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысынын айтымында, иш «жашыруун» белгиси менен өтүп жатат. Мусакеевден сурактагы сөздөрдү коомчулукка таратпоо жөнүндө тил кат алышкан.   

«Мен мындай ишке биринчи жолу катышып жаткандыктан, азыр мага карата сот тарабынан кандай мамиле болуп жатканын айта албайм. Бирок,  адилеттүү жана мыйзамдуу болот деген үмүт бар. Анткени, мага кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген айып коюп жатышат. Бирок, аны менен атайын комиссия алектенген. Менин эч кандай тиешем болгон эмес. Бөлүштүрүлгөн батирлерди эч ким менчиктештирип алган жок, мамлекеттин балансында. Батир алган балдардын баары азыр ошол жерде жашап, мамлекетке кызмат өтөп жатышат», -деди Дамир Мусакеев. 

КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевдин айтымында, Дамир Мусакеевге козголгон кылмыш иши жасалма экени коомчулукка билинип калды.

«Мурун Башкы прокуратура Мусакеев батирлерди бир туугандарына, досторуна  тараткан деп айткан болчу. Бирок, тергөө тарабынан бул такталган жок. Экинчиден, мамлекетке эч зыян келтирилген жок. Дамир Мусакеевге 2016-жылдан бери  иш козголбой азыр козголуп жатканын биз бөлөкчө түшүндүрсөк болот. Себеби, ага иш ачуу -Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна кол салуу менен барабар. Себеби, Дамир Мусакеев азыр өзүнүн кызматын тапшырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштейт. Бүгүнкү күндө бийлик Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө зыян келтирүүчү жагдайларды, пландарды  ойлоп жаткандай. Себеби, Дамир Мусакеев -  кыйын кызматкер, Ал Атамбаевге жаралган кооптуу учурларды бир нече жолу тууралап, президентти сактап кеткен. Ал ушунусу менен бийликке бут тосуп жатат. Бул жерде эч кандай коррупция жок, жалгыз гана Алмазбек Атамбаевден өч алуу, өмүрүнө кол салууга аракет », -деди Алга Кылычев.

Эскерте кетсек, Дамир Мусакеевге дагы бир кылмыш иши ачылган. Анда Башкы прокуратура экс-президенттин жан сакчысын «Мыйзамсыз баюуга» айыптаган. Көзөмөл органынын маалыматына караганда, ал Мамлекеттик күзөт кызматын башкарып турган маалда 20 млн. сомдук мүлк жыйнаган. Буга жооп кылып Мусакеев өзүнө жана бир туугандарына таандык үйлөрдү көрсөтүп чыккан.