Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

  дайындоолор (1 материал)
Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Сагынбаев Дамир Казакович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында Президент Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин аталган кызматты Алмазбек Курманалиев ээлеп келген. 

Дамир Сагынбаев 1974-жылы Токмок шаарында туулган. Ал 1995-жылы ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин юрист-укук таануу боюнча адистигин аяктаган.

2017-жылдын декабрынан бери Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.