30.07.2019 12:51

Дарыгерлер бейтаптын ашказанынан 67 миң долларлык кенч тапты

Дарыгерлер бейтаптын ашказанынан 67 миң долларлык кенч тапты

Индиянын Батыш Бенгалия штатынын жашоочусу жалпы салмагы 1,6 килограммды түзгөн зер буюмдарды, монета жана башка нерселерди жутуп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

26 жаштагы Руни Хатун (Runi Khatun) 16-июлда ооруканага ашказаны ооруп, жүрөгү айланып жатканына арызданып барган. Ал жеген тамагынын баарын куса берген. Рентген аялдын ичинде металл предметтер бар экенин көрсөткөн. 

Бир саат он беш мүнөткө созулган операция учурунда анын ашказанынан 69 чынжырча, 80 сөйкө, 46 монета, 8 медальон, мурунга таккан 11 шакек, бутка таккан 5 билерик жана кол саат табылган, деп жазат Daily Mirror. Табылган буюмдардын наркы 67 миң долларды түзөт. 

Аялдын апасынын айтымында, үйдөн жасалгалар жоголуп кетип жатканын байкашкан, бирок аларды кызы жутуп алып жатат деп түк ойлошкон эмес. Зер буюмдар тууралуу сурашса эле, Руни Хатун ыйлап баштачу.

Дарыгерлер бейтап пикацизм оорусу менен жабыркашы мүмкүн деп божомолдошууда, мындай учурда адам жегенге болбогон нерселерди жегиси келет.