24.06.2019 15:53

Дарыгерлер Салянованын тергөө абагына которулушуна каршы

Дарыгерлер Салянованын тергөө абагына которулушуна каршы

Мурунку баш прокурор Аида Салянова пневмония менен жабыркагандыктан, дарыгерлер аны № 1 тергөө абагына которууга тыюу салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Салянованын эжеси Чынара Турдалиевага таянып, жазып чыкты. 

Эске салсак, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө абагына киргизилген болчу. Кийин ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология бөлүмүнө жаткырылган. 

Чынара Турдалиеванын агенттикке билдиргенине караганда, учурда Аида Салянова палатага которулду. Маал-маалы менен жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырышууда. «Дарыгерлер инфаркт алдындагы абал деген диагноз коюшту. Алар аны клиникада калтырууну сунушташты», -деди ал.