Дарыгерлер тобу Чоң-Алай элин медициналык кароодон өткөрүүгө жөнөп кетишти

Дарыгерлер тобу Чоң-Алай элин  медициналык кароодон өткөрүүгө жөнөп кетишти

Курамында невропатолог, гастроэнтеролог, эндокринолог, кардиолог, терапевт, акушер-гинеколог, УДИ-адис жана лаборант бар медициналык топ Чоң-Алайга жөнөп кетишти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ош облус аралык бириккен клиникалык оорукананын дарыгерлери Чоң-Алайда калкты медициналык кароодон өткөрүп, жергиликтүү  дарыгерлер менен тажрыйба бөлүшөт. Топту мобилдик бригада коштоп жүрөт.  

Үстүбүздөгү жылдын апрель жана май айларында Ноокат районунун 1796 тургуну мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланышкан.  1175 бейтап терапевтке текшерилип чыкса, акушер-гинеколог- 621 аялды, анын ичинде 72 кош бойлуу аялды медициналык кароодон өткөргөн. 878 бейтап УД-изилдөөдөн өтүп, 74 киши жыныстык жол менен жуга турган инфекциялардын бары-жогуна текшерилишкен.

Медициналык кароонун жыйынтыгы менен диагнозун тактоо же дарылануу үчүн Ноокат тургундарынын 48и Ош облус аралык онкология борборуна жөнөтүлдү, 34 адам Ноокат аймактык  ооруканасына, 1 бейтап Ош облус аралык тери жана венерология борборуна жиберилди.