Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

  • Бишкек шаарында – 3
  • Нарын облусунда – 1
  • Жалал-Абад облусунда – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды.

Бүгүн, 26-апрелде республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 17 киши жуктурган. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти. Ичинен 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми стационарда 304 бейтап дарыланууда. 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус жугузган 8 бейтап илдеттен көз жумушкан.

Эске салсак, Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.