10.09.2018 18:09

Дарыгерлердин кайдыгерлиги. 8 жашар кыз колу чирип, каза тапты

Дарыгерлердин кайдыгерлиги. 8 жашар кыз колу чирип, каза тапты

Колу сынып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз Бишкекте көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда КСДП фракциясынын отурумунда айтылды.  

Маалыматка караганда, 3-сентябрда 8 жаштагы Мадина селкинчек ойноп жатып, кулап кетип колун сындырып алган. Кызды чоң апасы Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканага алып келген. Ал жерден дарыгерлер колун рентгенге тартып, гипс коюп беришкен. Бир нече күндөн кийин кыздын абалы оорлошуп, колу шишип, чирип баштаган. 8-сентябрда   Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кыз оор абалда келип түшкөн. Шаардагы дарыгерлер кыздын чирий баштаган колун кесип таштоого мажбур болушкан. Бирок, 9-сентябрда кыз каза болуп калган. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Кыздын ата-энеси Москвада эмгектенгендиктен, ал чоң энесинин карамагында калганы айтылат.