30.07.2019 13:38

Дарыяга чөгүп кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгү табылды. Ал үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу

Дарыяга чөгүп кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгү табылды. Ал үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу

Өзбекстандык куткаруучулар 19-июль күнү Ак-Булак дарыясына түшүп кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгүн табышты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, анын денесин кечээ, 29-июль күнү Өзбекстандын аймагындагы дарыядан табышкан. «Издөө иштери эки өлкөнүн чек арачылары жана куткаруучулары тарабынан он суткадан ашык убакыт өткөрүлдү. Суунун катуу агымы чек арачынын денесин 11 чакырым аралыкка алып барып таштаган экен. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Тиешелүү экспертиза жана иш-чаралар өткөрүлүп жатат», — дешти Мамлекеттик чек ара кызматынан. 

Эскерте кетсек, 21 жаштагы Бакберген Нурбек уулу 19-июль күнү тайгаланып кетип, Ак-Булак дарыясына чөгүп кеткени маалымдалган. Туугандарынын айтымында, ал үй-бүлөнүн жалгыз эркек баласы болчу.

«Бакберген армияда кызмат өтөп бүткөндөн кийин Жалал-Абад облусундагы Ак-Таш заставасында келишим менен иштеп калган эле. Жакында эмгек өргүүсүнө чыгып, үйгө келмек. Апасынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Уулу жоголгонун уккандан бери улам эсин жоготуп, тамчылатма дары алып жатат. Азырынча сөөк Таластагы айылына жете элек», -дешти туугандары. 

April.kg маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.