06.11.2019 13:20

Дастан Бекешев «аталышты өзгөртүү желикмесинен» кутулуу ыкмасын сунуштады

Дастан Бекешев «аталышты өзгөртүү желикмесинен» кутулуу ыкмасын сунуштады

Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу Асан Давлетовдун Бишкекти Турдакун деп өзгөртүү сунушуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев пикирин билдирди.  

Эскерте кетсек, өлкөдө Кыргыз ССР КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин мааракесине арналган иш-чаралар уланып жатат.  Бул күнгө карата Усубалиевдин атын Күрпсай ГЭСине, Бишкектин эски аянтына жана Тянь-Шандын тоо чокуларынын бирине ыйгаруу чечими кабыл алынган. 

Депутат Фейсбуктагы баракчасында «аталышты өзгөртүү желикмесинен» кантип кутулуунун ыкмаларын сунуштады.  

«Акылдуу бир нерсе айтайын деп, бирок эч бир акыл башына келбегенде, кээ бирөө бир нерсенин аталышын өзгөртүп жиберүү тууралуу ойлонот көрүнөт. Мамлекеттин, борбор шаардын, айылдын, көчөнүн, мектептин, бала бакчанын аталышын өзгөртүү. Балким, өздөрүнүн атын деле өзгөрткүсү келеттир, бирок чыгашалуу иш. Паспорт, диплом, аттестат жана башка толгон документти алмаштырыш керек. Бул оор. Андан көрө бирөөнүн эсебинен бир нерсенин аталышын өзгөртүү жеңилирээк. Анын арты менен тарыхка да кирип калат. Эрдиги менен эмес, аталышты өзгөртүү демилгесин көтөрүүчү катары», - деп жазды ал. 

Анан эл өкүлү муну кантип ишке ашыруу ою менен бөлүштү. Анын пикиринде, мыйзамга жарандын бир нерсенин аталышын өзгөртүү укугу тууралуу кошуш керек. 

Бирок мындай укукту колдонгусу келген жаран төмөнкүлөргө милдеттүү: 

- Өзүнүн аты-жөнүн өзгөртүүгө;
- аталышты өзгөртүүгө кеткен чыгымдын баарын өз чөнтөгүнөн төлөөгө;
- Он жыл бою аталышы өзгөргөн (шаарды, мектепти) нерсенин чыгымдарын өз мойнуна алууга.  

«Балким ушундай милдеттерден кийин өзгөртүүнүн кажети барбы-жокпу деп ойлонуп калышаар? Балким, «аталышты өзгөртүү желикмеси» акырындап тарайт чыгар», - дейт Бекешев.