07.06.2019 14:15

Дастан Бекешев: Башкалар үлгү албасын десек, Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан кетирүү керек

Дастан Бекешев: Башкалар үлгү албасын десек, Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан кетирүү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттер менен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун ортосундагы жаңжалга өз пикирин билдирди. 

Күн мурун Туйгунаалы Абдраимов Орок айылында абал боюнча комментарий берүү учурунда журналист кыздын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Себебин сурагандарга «Ал журналисттин жүзү жагымсыз экен, мага жакпай калды», -деп жооп берген. Ошондой эле, «Ала-Тоо-24» журналисттерине гана жооп берерин кошумчалаган.

Дастан Бекешев коомдогу кызуу талкууну жараткан бул окуя -жөн гана хайп эмес, колуна бийлик тийген адамдын карапайым элге болгон мамилеси экенин билдирди. 

«Муну кечирүүгө мүмкүн эмес! Андан башкалар үлгү албаш үчүн Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан кетириш керек деп эсептейм. Депутат, саламаттыкты сактоо министри, БШКнын эки жолку төрагасы болуп турган, Милдеттүү камсыздандыруу фондун башкарган адам жок дегенде жарандарды сыйлашы керек болчу.  Башкалар да аны туурабасын десек, жумуштан кетириш керек», -деди депутат.