08.08.2019 13:42

Дастан Бекешев: Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Дастан Бекешев:  Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Бүгүн саат 14:00дө Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Бул туурасында депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

«Парламент бардыгын тынчтыкка жана ынтымакка чакырыш керек. Тилекке каршы, бизде абал курчуп баратат. Тартип сакчылары эч бир учурда курал колдонгонго болбойт, ошол эле убакта Атамбаевдин тарапташтары дагы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуудан алыс болуулары зарыл, анткени алар биздин жарандарыбыз. Биз баарыбыз бир өлкөнүн жарандарыбыз жана бири-бирибизге каршы чыкпашыбыз керек. 

Тилекке каршы, бул окуяда бийликтин бедели такыр түшүп калды. Өкмөт отставкага кетиши керек. Премьер-министр бир да кайрылуу жасаган жок. Кечээки окуялар бийликтин беделин жерге тепседи», - деди Бекешев.