01.10.2019 12:32

Дайынсыз кеткен кыргыз кыз Россиянын түрмөсүнөн табылды. Ал баңгизат ташып-сатууга шектелүүдө

Дайынсыз кеткен кыргыз кыз Россиянын түрмөсүнөн табылды. Ал баңгизат ташып-сатууга шектелүүдө

Россияда туугандары менен байланышы үзүлүп, дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын кайда экени аныкталды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, дайынсыз жоголгон кыздын ата-энеси Бишкектен ички иштер органдарына кайрылган. Бирок, кийинчерээк ал мыйзам бузган иш-аракеттери үчүн абакта экендиги аныкталган.

Окуянын чоо-жайы

2019-жылдын 17-сентябрь күнү ички иштер министри К. Жунушалиевге арыз менен Кыргызстандын 57 жаштагы жараны М.Г. кайрылган. Ал 21 жаштагы кызы О.Р. дайынсыз жоголгонун билдирип, табууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Маалымдагандай, кызы 2018-жылы сентябрда Москвага иштегени кетип, 2019-жылдын январь айынан баштап белгисиз себептерден туугандары менен байланышты үзгөн.

Кайрылуу ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, кыздын кайда жүргөнүн тактоо жана текшерүү иштери башталган. Россиянын ИИМдин бардык багыттары боюнча каттоолору текшерилип, кыз 2018-жылы 3-августта «Бишкек -Москва»  каттамы менен Москвага келгени, Россиянын аймагында жүргөнү маалым болгон.

Абактан табылган

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн кыз ушул жылдын жай мезгилинде кылмыш жасоого шектелип укук коргоо органдары тарабынан кармалганын, учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы аныкталган.
Маалыматка караганда, дайынсыз жоголгон кыз 2019-жылдын июнь айында Орлов облусунун аймагында укук коргоо органдары тарабынан «Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө баңги каражаттарын, акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү, андан сырткары курамында баңгизаты же акыл-эске таасир этүүчү каражаттар бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү» беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн кармалган. Азыркы учурда Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын башкармалыгынын тергөө абагында камакта.