13.02.2019 16:52

Дайынсыз жоголгон туристтердин сөөгүн таап берген итке акчалай сыйлык берилди

Дайынсыз жоголгон туристтердин сөөгүн таап берген итке акчалай сыйлык берилди

Аргентинада немец овчаркасы дайынсыз жоголгон израилдик туристтердин сөөгүн таап бергени үчүн миң доллардан ашык сый акы алды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы билдирди. Акча кинология клубун өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

54 жаштагы профессор Лили Перег менен анын 63 жаштагы эжеси Пирия Саруси 12-январдан бери дайынсыз болуп жаткан. Полиция издөө иштерин жүргүзгөн менен пайда чыккан эмес. Жардамга жергиликтүү кинологиялык клубдан Рука аттуу немец овчаркасы чакырылып, ал сөөктөрдү Сарусинин уулу Жил Перег жашаган үйдөгү курулуш таштандыларынын алдынан таап чыккан. 

Рука менен анын машыктыруучусу-кинолог Эйлин Кастро жергиликтүү еврей коомунан 1,3 миң доллар  сыйлык алышты. Ошондой эле, машыктыруучунун өзүнө да акчалай сыйлык берилди. Итти жана анын машыктыруучусуна акчалай ыраазычылык билдирүү чечимин каза болгон аялдардын туугандары кабыл алышкан.