26.12.2018 09:12

Дээрлик бир миллион сомдук кургатылган жер-жемишти мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылгандар кармалды

Дээрлик бир миллион сомдук кургатылган жер-жемишти мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында кургатылган жер-жемиштерди мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери А.Т. аттуу айдоочусунун башкаруусунда чиркегичи менен MAN TGA 26.430 унаасын токтотушкан.

Унаадан Тажикстанда өндүрүлгөн кургатылган жемиштер табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык товардын жалпы баасы 943 миң 420 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.