24.09.2019 18:44

Депутат Акыйкатчы аппаратына: Силер дароо реакция кылбаган үчүн Кой-Таш окуясы болду

Депутат Акыйкатчы аппаратына: Силер дароо реакция кылбаган үчүн Кой-Таш окуясы болду

Бүгүн, 24-сентябрда КСДП өкүлдөрү, Кой-Таш айылынын тургундары жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү кыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү менен жолугушту. 

Жолугушууда КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча Акыйкатчы аппараты иштебей жатканын билдирди. Депутаттын айтымында, экс-президенттин үйүнө мыйзамсыз чабуул башталганда, Акыйкатчы аппараты бийликти, ИИМ аппаратын, УКМКны токтотууга бүт күчүн жумшап, мыйзамды бузбоого чакырышы керек болчу.

«Ал окуяларда силердин үнүңөр бардык жактан угулушу керек эле. Силер бийликти, УКМК, ИИМди токтотууга аракет кылышыңар керек болчу. Ал күндөрү жөнөкөй жарандарды барымтага алуу болгонун бүт дүйнө көрдү, а силер болсо, «арыз менен кайрылгыла, анан карайбыз» деп дымыңарды чыгарбай, иш бөлмөлөрүңөрдө отурасыңар. Силер өзүңөр демилге көтөрүп, бизге «эмне жардам керек, каякка баралы?» дешиңер керек эле. Силер өзүңөргө ыңгайлуу позиция тандап алыпсыңар. Жарандардын укугун коргогондун ордуна бийликти таарынтпайын, бирок  иштеп жаткан түр көрсөтөйүн деген саясат менен элдин укугун коргомуш болуп отурасыңар. Эгер чындап эле элдин укугун коргоп жаткан болсоңор, мен көрмөкмүн,  мен силерди социалдык тармактардан көрмөкмүн, анткени азыр бүт дүйнө соцтармакта отурат. Мен бул туурасында бейшемби күнү кайрылуу жасайм»,- деди Карамушкина.

КСДП төрайымы Асель Кодуранова Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүн жөнөкөй элдин укугун коргоодо жардам берүүгө чакырды. Анын айтымында, Кой-Таш айылынын чабуул учурунда жабырланган жашоочуларынын арызданууларына укук коргоо кызматкерлери кайдыгер мамиле кылып келишет. Бир канча ирет райондук милиция бөлүмүнө кайрылышкан менен жооп жок. 

«Макул, биз өзүбүздүн укуктарды билебиз, өзүбүздү коргой алабыз, а бул 1700 адам кантип өзүн коргойт? Эгер экс-президентке бардык мыйзамдарды, Конституцияны бузуп, ушундай мамиле кылып атышса, бул жөнөкөй жарандар эмне болот? Алардын арасында жарадарлар да бар, мисалы, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нурбек Касымбековдун көзүнүн үстүн тигишти, 7 кабыргасын сындырышты, жай жарандар арасында да оор жаракат алгандар бар, силер жок дегенде ошолорду коргошуңар керек эле. Эмнеге алар өздөрү РИИБге барыш керек?», -деди Кодуранова. 

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар 7-8-августтагы кылмыштуу чабуулду уюштургандарды жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага коллективдүү кайрылуу жолдошкону үчүн бийликтен куугунтук көрүп жатышканы айтылды.

«Элдер кылмыштуу чабуул уюштурганы үчүн УКМК, ИИМ башчысын жоопко тартуу тууралуу арыз жазышкан. Жыйынтыгында, бул адамдарды Аскер прокуратурасына суракка чакырып, кагазда эгер келбесе, мажбурлоо жолу менен алынып келинерин көрсөтүп жатышат. Суракка чакырган максаттары - алардын кол тамгасын текшерүү. Аларды суракта 5-6 саат кармап, анан ар кайсыны кыйытып, Опумбаев алардын үстүнөн арыз жазып кое аларын, же балдарын 7-август боюнча ачылган иште шектүү катары кошуп коюшаарын айтып коркутуп жатышат. Элдерди кол койгону үчүн коркутуп жатышат», -деди экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев. 

Ал ошондой эле, 1700 адам арызды Башкы прокуратурага жазганын, Башкы прокуратура арызды кабыл алып, териштирүү иштерин баштай турганын айтып, жооп бергенин билдирди.

«Арызды Башкы прокуратурага жазышса, Аскер прокуратурасынын бул ишке кийлигишкенге акысы барбы?»- деди Кадыр.

«Биз Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү менен байланышып, Кой-Таштын жашоочулары кайсы макамда чакырылып жатканын сурадык. Прокуратура кызматкери алардан арыз түшкөнүн, андыктан арыздануучулар катары суралып жатканын айтты», -деди Акыйкатчы аппаратынын өкүлү. 

Депутат Ирина Карамушкина Акыйкатчы аппараты жарандарга кандай жардам көрсөтөрүн тактады. 

«Биз жабырлануучулардан кабар алалы деп, окуя болгондун эртеси эле Чүй облустук ооруканасына барганбыз, бирок эч ким жок болуп чыккан. Туура айтасыңар, баары коркушуптур, түндө биринчи жардамды алып эле, кайра кетип калышкан экен. Болгону экөө калыптыр, алардын жараларын кайра таңып жаткан маалда барып калдык. Бул иш боюнча камакка алгандардын дээрлик баары менен жолугуп чыктык. Эч кимиси арызданган жок. Өзүбүздүн кызматкерлерден турган комиссия түзүлдү. Биз 7-8-августтагы окуяларда мыйзам канчалык сакталганын териштиребиз, бузулса, ким тараптан, кантип бузулганын карап чыгабыз. Адам укугун бузуу болгонбу, ошону иликтеп чыгабыз. Ал адам президент, экс-президент, милиция кызматкери болушу мүмкүн, Кой-Таш окуяларында алар да жабыркады», -деди Акыйкатчы аппаратынын өкүлү.

КСДП төрайымы, ЖК депутаты Асель Кодуранова Кой-Таш окуяларынын жүз беришине Акыйкатчы аппаратынын да күнөөсү бар экенин айтты.

«Сиздер азыр адам укугу бузулса, ал президентпи, экс-президентпи, иликтеп, реакция кылабыз деп жатасыздар. Анда эмне үчүн 27-июнда Жогорку Кеңеш Конституцияны, мыйзамды бузуп, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып жатканда, унчуккан жоксуңар?  Силер Баш мыйзамдын 3-беренеси бузулганын түшүнүп турасыңар, Жогорку Кеңештин андай укугу жок болчу, Жогорку Кеңеш болгону иштеп жаткан президентке импичмент кабыл ала алат. Силер дароо реакция кылбаган үчүн ушул окуянын баары болуп отурат. 7-8-августта болгон кырдаалдын провокатору Жогорку Кеңеш болду. Эмне үчүн анда парламентке баа бербейсиңер? Биз [Жогорку Кеңеш- ред.] мыйзам чыгаруучу органбыз, бирок өзүбүз мыйзамды бузуп жатабыз. Мыйзамды бузуу менен экс-президентти кол тийбестиктен ажыраткандар азыр Мамлекеттик комиссиянын курамында отурат. Бийлик өзү куралдуу адамдарды Кой-Ташка алып барып, жеке менчик үйгө чабуул жасап, башаламандык уюштуруп коюп, эми Кой-Таштыктарды күнөөлөп жатат. Анткидей, эмне Кой-Таштыктар шаарга түшүптүрбү?», -деди Кодуранова. 

Жолугушуунун аягында депутат Ирина Карамушкина бир ай мурун Акыйкатчы аппаратынын дарегине жазган арызына дагы деле жооп ала электигин билдирди.