10.07.2019 11:06

Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгынын күбөлөрү изделүүдө

Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгынын күбөлөрү изделүүдө

Ушул жылдын 7-июлунда саат 4:30 чамасында Чолпон-Атадан анча алыс эмес Бактуу-Долоноту айылында BMW Х7 үлгүсүндөгү жол тандабас Lexus менен кагышты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын кырсыктын күбөлөрүн издөөдө. 

Жол кырсыгына мамлекеттик номери  01KG 451 AFM болгон Lexus ЕS330 унаасы менен  01KG 991 AG номерлүү BMW Х7 кабылган. Анын кесепетинен 4 киши каза болгон.

«Кагылышуу кандай жагдайда келип чыкканын, анын себебин аныктоо жана адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча ар тараптуу жана бейтарап териштирүү жүргүзүү максатында анын күбөлөрү изделет», -дешет жол тескөөчүлөр.

Байланышуу телефондору: 

КР ИИМ ЖКККББ  - 0312 63 09 00, 0312 63 09 01;

Ысык-Көл облустук ИИБ  - 03922 5 45 05, 03922 5 45 50;

Ысык-Көл облустук ИИБинин тергөө кызматы -  03922 5 15 55, 0312 29 40 10, 0705 75 59 88.

Эскерте кетсек, Чолпон-Ата шаарынын жанында болгон жол кырсыгынан 4 адам каза тапкан: экөө жеринде каза болсо, калган экөө ооруканадан көз жумган. Кырсыктан Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек  Абжалиевдин Бишкек шаардык кеңеште депутат болуп эмгектенген уулу Темирлан Токобеков аман калган. Аны баш мээси чайкалган, жамбаш сөөгү сынган абалда ооруканага жеткиришкен. Учурда анын өмүрүнө коркунуч жок. Бул кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоодо BMW Х7 унаасын ким башкарып баратканы талаш жаратууда.  ЖКККББ аны 24 жаштагы Х. Э., башкарып бараткан десе, каза тапкан балдардын туугандары депутат Темирлан Токобеков башкарып баратыптыр деген божомолдорун айтышууда.