04.02.2020 18:25

Депутат Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева дагы эки айга үй камагында калтырылды

Депутат Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева дагы эки айга үй камагында калтырылды

Бүгүн, 4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой_таш окуясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жана КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын бөгөт чарасы каралды.

Тиешелүү өтүнүч менен тергөөчүлөр жана прокурорлор сотко кайрылышкан. Соттук процесс саат 16:00гө белгиленген.

Кызыгы, отурум дээрлик эки саатка кечигип башталып, болгону 20 мүнөт созулду.

Соттун чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина менен КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева үй камагында 2020-жылдын 9-апрелине чейин калтырылат.

Белгилей кетсек, күн мурун, 3-февралда Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев, экс-президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин дагы бөгөт чаралары каралып, алардын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

Бардыгы тең адамдарды барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга кылган деп айыпталып жатышат.