22.08.2019 14:53

Депутат Ирина Карамушкинаны массалык башаламандыкты уюштурууга айыптап жатышат

Депутат Ирина Карамушкинаны массалык башаламандыкты уюштурууга айыптап жатышат

Ирина Карамушкинага Башкы прокуратура «Массалык башаламандыкты уюштуруу» айыбын тагып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Мага башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 244-берене менен (массалык башаламандыкты уюштуруучу) айып тагып, күбө макамынан шектүүгө айлантты. Мен акча таратып, элди спецназды сабаганга атайылап даярдап, аларга команда берген имишмин, аны менен ЖК депутатынын антын бузуптурмун. Мына, бийликтин чыныгы жүзү! Эгер экс-президентке, депутатка каалаган нерсени илип, бир дагы далил келтирбей туруп, күнөөлүү кылып коюу оңой болсо,  анда камап коюш эле калды, анан күнөөң жок экенин далилдеп көр, жылдарың  кетет! Бийликтин өзүм билемдиги!», -деп жазды Карамушкина.