01.10.2019 09:00

Депутат Ирина Карамушкинанын үй камагында калуу мөөнөтү узартылды

Депутат Ирина Карамушкинанын үй камагында калуу мөөнөтү узартылды

Биринчи Май райондук соту ЖК депутаты Ирина Карамушкинаны 9-декабрга чейин үй камагында калтырды. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин өкүлү, Жогорку Кеңеш депутаты Карамушкина Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасын караган соттук отурум кечээ, 30-сентябрда болгон.

«Райондук сот бардыгыбыздын камакта кармалуу мөөнөтүбүздү 9-декабрга чейин узартты. Биз ого бетер чыйралдык жана бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы турабыз. Бир заматта бизди кылмыштарга шектүү жана айыпталуучу кылып коюшту, прокуратура бардык жерде «башаламандык уюштурушту, эмеректерди өрттөштү, куралдуу каршылык көрсөтүштү жана «Альфанын» жоокерлерин барымтага алышты» деп жазып жатат. Жок дегенде дүйнө элине «Альфаны» уят кылбай эле коюшса болмок. Мунун баары прокуратуранын ойлоп тапканы, эч ким башаламандык уюштурган жок, өздөрү кол салышты, куралдуу каршылык көрсөтүү болгон эмес, бизде кайдагы курал? Кыскасы, чабуул боюнча өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин бизге оодарып жатышат. Мына, каракчыларды жана киши өлтүргүчтөрдү кайтаргансып, кайтарып турушат. Биз ушунун баарын унутат жана кечирет деп ойлойсуңбу, бийлик?»- деп жазды Ирина Карамушкина. 

Эскерте кетсек, кечээ дал ушул Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиевдердин баш коргоо чарасын карап, аларды 9-декабрга чейин камакта калтырган