03.10.2019 12:03

Депутат: Каркырада балдар мончодо окуп жатышат

Депутат: Каркырада балдар мончодо окуп жатышат

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Каркыра айылында башталгыч класстын окуучулары эски мончонун имаратында окуп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, мектеп айылдан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындан улам, 3-4-класстын окуучулары мурунку мончонун имаратында окуганга аргасыз.

«Каркырада башталгыч класстын окуучулары мончодо окушат. Элестетсеңиздер, мончо, кошуна бөлмөдө эле ФАП бар. Башка класс жок болгондуктан, 3-4-класстын окуучулары, бардыгы 16 бала, бир бөлмөдө окуганга аргасыз. Ал айылда кыш мезгили 6-7 айга созулуп, катуу болот. Мындан улам, кабинеттер жылыбайт. Ушул маселеге көңүл бөлсөңүздөр. Балдардын мончодо окуп жатканын көрүп, жүрөгүң чыдабайт», -деди Касымалиева.