17.10.2019 12:04

Депутат: Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болсо, атаандаштыкка туруштук бере алабызбы?

Депутат: Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болсо,  атаандаштыкка туруштук бере алабызбы?

Экспорттүн көлөмү ЕАЭБдин алкагында 7 пайызга төмөндөп кетти. Бул туурасында бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди. 

Депутат акыркы учурларда экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болуп жатканын атады. Анын белгилешинче, ЕАЭБдин алкагында экспорттүн көлөмү 7 пайызга төмөндөп кетсе, мигранттар тарабынан которулган акчанын суммасы да 175 миллион долларга азайган.

«ЕАЭБге мүчө болгонубузга эки ай мурун төрт жыл болду. Ошол учурда бизге чоң мүмкүнчүлүктөр болуп мүчө мамлекеттерге продуктуларды ташып чыгабыз, жаңы компаниялар келет, инвесторлорго жакшы шарттар түзүлөт, өнүгүү катуу темпте болот деп айттык эле. Ушул жылдын 8 айындагы жыйынтыкты эле карап көрсөк, экспорттун көлөмү ЕАЭБдин алкагында 7 пайызга төмөн болуп жатат. Анын ичинде Орусиянын аймагына 43 пайызга төмөн. Кийим тигүү тармагында экспорттун көлөмү 60 пайызга төмөндөптүр. Мигранттардан акча которуунун көлөмү10 пайызга, же болбосо, былтыркыга салыштырмалуу 175 миллион долларга азайган», - деди эл өкүлү. 

Анын белгилешинче, бажы кызматынын төлөмдөрү дагы 9 айдын жыйынтыгы боюнча 4 миллиард сом жетишпестик менен баратат. Депутат Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болууну максат кылып жатканын, эгерде аталган өлкө ЕАЭБге мүчө болсо Кыргызстан экспорт жагынан аттандаштык көрсөтө алабы деген маселеге токтолду.

«2-октябрда Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болуп кире турган ойлору бар экени, тийиштүү жумуштар жасалып жатканы боюнча маалымат чыкты. Ушуну алдын алып өкмөт иш алып барышы керек. Эгерде Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болсо, айыл чарба товарларын экспорттоо боюнча атаандаштыкка туруштук бере албай калсак буга ким жооп берет? Мигранттардан келген акчанын көлөмү азайса, инвесторлор кетип калса ким жоопкерчилик алат? Өкмөт бүгүн алдын ала чараларды көрбөсө эртең кеч болуп калат», - деп айтты Карашев.