07.06.2018 11:27

Депутат өкмөттөн Тоң жана Чаткал райондорунун акимдерине чара көрүүнү суранды

Депутат өкмөттөн Тоң жана Чаткал райондорунун акимдерине  чара көрүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты 3 акимдин ишине нааразы.  Жылдыз Мусабекова бүгүн  өкмөттөн Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунун, Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акимдерине тийиштүү чара көрүүнү суранды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Айтымында, алардын коррупциялык жосундары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында көптөгөн материалдар жарыяланды, мамлекеттик органдарга көптөгөн кайрылуулар түштү, бирок жыйынтыгы жок.

«Акимдер жогору жакта отурган тааныш-билиштеринин көмөгү менен кутулуп кетип жатышат», - деди депутат. 

Андан тышкары, эл өкүлү ордо калаадагы Ош базарында катары менен үч өрт чыкканын эске салып, ушул кезге чейин базар жайгашкан Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин жоопкерчилиги карала электигин белгиледи.

«Алар жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Өкмөт муну кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрсүн, болбосо мен ошол үч акимдин артынан акырына чейин түшөм», - деп кошумчалады Жылдыз Мусабекова.