13.04.2020 12:14

Дарыгерлерге кысым көрсөтпөй, коргош керек. Дастан Бекешев токтом долбоорун сунуштады

Дарыгерлерге кысым көрсөтпөй, коргош керек. Дастан Бекешев токтом долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов акыркы күндөрү медицина кызматкерлерине көрсөтүлүп жаткан кысымга кабатырланып, атайын токтом долбоорун иштеп чыкты.

Токтомдун долбоору «Медицина кызматкерлерине басым жөнүндө» деп аталат. Парламентарийдин билдиргени боюнча, бул токтом коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин колдоо үчүн зарыл.

Эске салсак, күн мурун, 12-апрелде Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген жаш дарыгер Бектур Апышев медицина кызматкерлерине кездемеден жасалган сапатсыз бет каптар берилип жатканын билдирген. Медик билдирүүсүнүн астына сүрөт жайгаштырган. Андан соң, таң эрте башкы дарыгер чакырганын билдирген, көп өтпөй Twitter баракчасын өчүрүп салган.

Ал ортодо социалдык тармактарда жаш жигиттин кыргызстандыктардан кечирим сурап, оорукана дарыгерлери зарыл каражаттар менен жетиштүү камсыз болгонун жана мурун айткандары жалган экенин билдирген видео пайда болгон.

Интернет колдонуучулары: күч органдары дарыгерге кысым көрсөтүп, кечирим суратышканын жазышууда. Алар кыргызстандыктарды дарыгерди колдоого арналган #БекТур флешмобуна катышууга чакырык ташташкан.

«Дарыгерлер вирусту иш үстүндө эмес, өзүнчө жуктуруп алышты деген маалымат айтылды. Өкмөт аны иликтейбиз деди. Экинчиден Ысык-Атада врачтарга тиешелүү коргонуучу каражаттар жетишсиздигин жазган дарыгер Бектур Апышев кийин кайра жазганын жокко чыгарып, кечирим сурап жатат. Ошондуктан, мындай шартта биз медицина кызматкерлерин ар тараптан колдоого жана коргоого алууга тийишпиз», -дейт Дастан Бекешев.

Депутаттын айтуусунда, токтом долбоору Жогорку Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетине жиберилди, аталган комитет бул маселени 14-апрелде карайт деп күтүлүүдө. Эгер комитет жактырса, токтом долбоору 15-апрелде парламенттин жалпы отурумунда каралат.

Токтом долбоору боюнча өкмөт:

  • COVID-19 илдетин жуктуруп алган бардык медицина кызматкерлерине кенемте төлөп берүүгө;
  • медициналык кызматкерлер илдет жуктурган ооруканалардын жетекчилеринин ишине кызматтык иликтөө жүргүзүүгө;
  • бардык мамлекеттик органдарды маалыматтарды тез, туура жана так жеткирүүгө милдеттендирүүгө;
  • 1-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун дарыгерди «вирусту башка жактан жуктуруп келип, кесиптештерине да жуктурган» деп айыптаганын кызматтык иликтөөгө алуу жана анын жыйынтыгын жарыялоого;
  • медициналык дарыгерлерди коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылууга жана бул жөнүндө коомчулукка так, туура маалымат берүүгө милдеттүү.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) баштаган күч кызматтары медицина кызматкерлерине басым жасап, куугунтуктоону токтотууга тийиш

Башкы прокуратура:

  • Чындыкты айткан медицина кызматкерлерин куугунтуктап, кечирим сураткан УКМК кызматкерлеринин ишине укуктук баа берүүгө;
  • Укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө жана медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын тебелөөгө, жарандардын укугун бузууга жол бербөөгө милдеттүү болот.


Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.