Жаш дарыгер өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйдү айтты. Кайра кечирим сурады

Жаш дарыгер өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйдү айтты. Кайра кечирим сурады

Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген жаш дарыгер Бектур Апышев медицина кызматкерлерине кездемеден жасалган сапатсыз бет каптар берилип жатканын билдирген. Медик билдирүүсүнүн астына сүрөт жайгаштырган.

Андан соң, таң эрте башкы дарыгер чакырганын билдирген, көп өтпөй Twitter баракчасын өчүрүп салган.
Ал ортодо социалдык тармактарда жаш жигиттин кыргызстандыктардан кечирим сурап, оорукана дарыгерлери зарыл каражаттар менен жетиштүү камсыз болгонун жана мурун айткандары жалган экенин билдирген видео пайда болду.

Интернет колдонуучулары: дарыгерге кысым көрсөтүп, кечирим суратышканын жазышууда. Алар кыргызстандыктарды дарыгерди колдоого арналган #БекТур флешмобуна катышууга чакырып жатышат.

Кыргызстанда акыркы суткада 12 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Илдетке кабалган медиктердин жалпы саны 63 адамга жетти.