20.06.2019 16:21

Депутаттар экс-президентти макамынан ажыратууну колдошту. Ким кандай добуш берди

Депутаттар экс-президентти макамынан ажыратууну колдошту. Ким кандай добуш берди

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште  «Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом долбоору колдоо тапты. Жалпы 105 депутат каттоодон өтүп,  «макул» деп 100, ал эми «каршы» деп 5 эл өкүлү добуш берди.

«Каршы» добуш берген депутаттар:

1. Ирина Карамушкина
2. Асел Кодуранова
3. Анвар Артыков
4. Альфия Самигуллина
5. Карамат Орозова

Добуш берүүгө катышпаган депутаттар:

1. Мухтарбек Айнакулов
2. Жанар Акаев
3. Осмонбек Артыкбаев
4. Данияр Аттокуров
5. Дастан Бекешев
6. Акылбек Жапаров
7. Курманкул Зулушев
8. Руслан Казакбаев
9. Мурадыл Мадеминов
10. Рыскелди Момбеков
11. Насыр Мусаев
12. Кубанычбек Нурматов
13. Зарылбек Рысалиев
14. Данияр Төлөнов
15. Чыныбай Турсунбеков.


(фото Kaktus.Media)

Алмазбек Атамбаевге 6 кине коюлууда. Алар: бийликти узурпациялоо, Кой-Таштагы жерин мыйзамсыз алуу, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу, «Ака инвест» компаниясына болгон тиешеси, Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга аралашуусу,  ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар. 

Жогорку Кеңеш колдогон корутунду эми Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокурор ал айыптарга укуктук баа берип, кайра депутаттарга кайтарат. Анын негизинде депутаттар кол тийбестикти алуу, же албоону чечишет.