31.05.2018 17:19

Депутаттар кардын кесепетинен малы кырылган элге өкмөттүн көмөктөшүүсүн талап кылышты

Депутаттар кардын кесепетинен малы кырылган элге өкмөттүн көмөктөшүүсүн талап кылышты

Ысык-Көл облусунда 24-25-май күндөрү жааган кардан көп сандагы чыгашага учураган элге өкмөт жардам бериши керек. Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңеште депутат  Данияр Аттокуров көтөрүп чыкты.

Депутат  24-25-май күндөрүндө Ысык-Көл облусунун сырт жайлоолорунда жааган карда малчылар чоң чыгымга учурап, миңдеген малдар кырылгандыгын маалымдады.

«Фермерлер өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Менчик мал болсо дагы кандайдыр бир көмөк көрсөтүү керек. Алар дагы өлкөнүн айыл чарбасына, экономикасына өз салымдарын кошуп келишкен. Андыктан, өкмөттүн тиешелүү министрликтерин чакырып, кандай жардам көрсөтө алат, угуп койсок»,- деди  эл өкүлү.

Депутат Чыныбай Турсунбеков кесиптешин колдоп,  24-25-майдагы жаратылыш кырсыгы тоолуу Нарын облусунун жайлоолорундагы мал жандыктарын дагы  каптап өткөндүгүн ортого салды. Анын айтымында, миңдеген мал чыгымга учураган. Алардын бир тобу мал-жандыктарын насыяга акча алып, сатып алышкан экен. Айрымдарынын акыркы малдары экен. “Мындай шартта аткаруу бийлиги кол кабыш кылбаса, анда алсыздыгын көрсөткөн болот”,- дейт Ч.Турсунбеков. 

Эске сала кетсек, 24-майда жааган кардан Ысык-Көл облусунда жалпы-жонунан облуста  3379 кой-эчки, 98 баш уй жана 119 жылкы кырылган. Малчылар тарткан чыгым жалпысынан 20 миллион 327 миң 680 сом деп эсептелинген.