05.04.2018 12:32

Депутаттар Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине нааразы

Депутаттар Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине нааразы

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөдө автоунааларды кайра каттоо боюнча кампания жарыялаган болчу.  2-апрелден 2-июлга чейинки кампаниянын жүрүшүндө жарандар  ишеним кат менен айдап жүргөн унаасын өздөрүнө арзаныраак каттата алмак.

Бирок,  Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев жеңилдик деген жөн гана сөз экенин, айырмасы билинер-билинбес акча экенин айтып, нааразыланды. Айтымында, мурда 4500 сомго кайра катталган унааны бул жеңилдик менен 3900 сомго каттаткан.  

Депутат ошондой эле, Мамлекеттик каттоо кызматындагы түшкү тамак, иш убактысынын 17:00дө бүтүшү дагы кардарларга өтө эле ыңгайсыз экенин айтты. Эл өкүлү  мындай кызматтарга Европа стандарттарында иштөөнү сунуш кылды. Ошону менен катар автоунааларды каттатуудагы кезекке турууда ортомчулар акча берген кардарлардын маселесин бат эле чечип берген жагдайларды дагы ачыктады.

Аталган көйгөйдү депутат Рада Туманбаева дагы улады. Ал аткаруу бийлигинин мындай кампаниясы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу социалдык роликтер менен кеңири жайылтылбагандыгын сынга алды. «Жеңилдик дегени менен, айырмасы аз экен. Мындай кампаниянын өткөрүүнүн кажети бар беле?»,- дейт ал.