28.05.2018 16:21

Депутаттар микрофонго жеткенде

Жума ортосунда Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин босогосун аттап, 120 эл өкүлү менен биргеликте кыргыз тилинин тагдырына кам көрүштү. Көчөдөгү көрнөк жарнактарга кабатыр болгон депутаттарды кесиптеши Рыскелди Момбеков тынчытты. Депутат мырза ачуу сөздү адатынча азил-чынга салып айтты. Байкаган кишиге Момбековдун сөзү кыргыз тили көчөдө эмес, парламенттин ичинде жана ыйык трибунада кордолуп жатат дегенди түшүндүрөт. /// Албетте атка минээрлердин баардыгы сөз багып, сүйлөмдү шуурудай тизсин дегенден алыспыз. Болгону кыргыз тилинин кордолушуна салымын кошпой эле койушса. Колдон келбейби, анда жандап жүргөн жардамчынын жазганын оку. Апта ичинде айтылган "катанттуу фразаларга" көнүл буруңуз