05.03.2019 11:24

Депутаттар мугалимдердин айлыгын көтөрүү жана ипотекалык насыяны жеңилдетүүнү сунушташты

Депутаттар мугалимдердин айлыгын көтөрүү жана ипотекалык насыяны жеңилдетүүнү сунушташты

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2017 жана 2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.

Анын жүрүшүндө эл өкүлдөрү  мугалимдерге ипотеканы жеткиликтүү кылуу маселесин көтөрүштү.   Депутат Карамат Орозова бул учүн мугалимдердин айлыгын 25-30 миң сомго чейин көтөрүү керектигин айтты. Анын айтымында, мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан ипотекалык насыя ала алышпайт.  «Аймактарда мугалимдер жетишсиз. Ал жерге мугалимдердин үйүн куруу керек. Алар барып батирдин акчасын төлөгөндөн кыйналып калышат. Мугалимдердин айлыгын 25-30 миң сомго чейин көтөрүү зарыл», - деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү эмне үчүн жер сатып алууга ипотекалык насыя берилбей турганын сурады. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев үй сатып алууга жана жеке менчик турак жай курууга гана насыя бериле турганын билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев ипотекалык насыя берүүнүн жолун жеңилдетүү керектигин айтты.  «Мугалимдердин арасында 6-8 миң сом айлык алгандар бар. Алар ипотекалык насыя алуу үчүн 15 миң сом айлыгы болушу керек. Пайыздык үстөгү да жогору. Ошондуктан бул маселени карап чыгуу керек деп айтканбыз», - дейт Нурбаев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев насыя берүүнүн жолдорун жеңилдетүү боюнча маселе каралып жатканын айтты.