28.05.2018 12:45

Депутаттар Олимпиадалык резервдер окуу жайындагы көйгөйлөрдү аныктоого барышты

Депутаттар Олимпиадалык резервдер окуу жайындагы көйгөйлөрдү аныктоого барышты

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети  Олимпиадалык резервдер республикалык окуу жайында спорт мектебин каржылоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул туурасында парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Жыйынга катышкан депутаттар мелдештерге катышкан спортчулардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын аздыгын белгилешти. Эл өкүлү Максат Эгембердиевдин айтымында, спортсмендер суткасына 109 сом алат. Алар бул акчага 3 маал тамактанышы керек. 

«Мынча акча түрмөдө отурган кылмышкерлердин тамагына деле каралат. Отурган адам менен мелдешке түшкөн адамдын айырмасы бар да. Анан кантип мыкты спортчулар чыгат? Эгерде биз аларды каржылоо маселесин жакшыртпасак, анда алардын ден-соолугуна кедергиси тийет. Анда бул окуу жайынан мыкты спортчулар даярдалбай эле, ар кандай оорукчан жаштарды чыгарып калабыз», - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев ошол 36 сомго тамак тургай бир чөйчөк кофе дагы келбесин кошумчалады.

Андан тышкары, Олимпиадалык резервдер окуу жайы окуу куралдары менен 60-70 пайызга гана камсыздалганы, 1 китепти 3-4 окуучу колдонуп жатканы белгилүү болду.

«Окуу куралдары жетишсиз болсо, анан жаштар кантип билим алат? Оӊдоо иштерине 34 млн сом сурап жатыпсыӊар, директордун кычыраган кабинетин көргөн адамдар силердин имаратыӊардын баары жайында экен деген ойдо калышы мүмкүн. Кыязы, мурда оӊдоп-түзөө жумуштарына бөлүнгөн каражаттын баары директордун кабинетине жумшалган окшойт», - деди депутат Бакытбек Райымкулов.

Спорт мектебинин директору К.Эргешов кабинет ал келгенге чейин оӊдолгонун, директорлукка дайындалганына үч эле ай болгонун билдирди.