17.05.2019 16:38

Депутаттар шайлоочуларга отчет берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн

Депутаттар шайлоочуларга отчет берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн

Парламенттик шайлоо алдында бир гана депутаттар эмес, бей өкмөт уюмдар менен катар эле борбордук шайлоо комиссиясына дагы жан кирди. Аталган тараптар эми кучтөрүн бирге топтоп, шайлоо процесси жана партиялардын түзүлүштөрү тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө шашыла башташты.

Бири партияларды мамлекет каржыласын деп чыкса, башкасы анын мүчөлөрү 7 миңден кем болбосун деп демилге көтөрүшүүдө. Дагы бир сунуш боюнча, саясий партиялар аткарган иштери боюнча шайлоочуларга отчет берип калышы мүмкүн.