09.04.2020 16:54

Осмонбек Артыкбаев депутаттык мандатынан ажырады

Осмонбек Артыкбаев депутаттык мандатынан ажырады

Осмонбек Артыкбаев мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажырады. Тиешелүү чечим бүгүн, 9-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Эске салсак, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөп берүүгө милдеттендирилген. Эркиндиги чектелген эмес. Артыкбаев буга чейин зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен мамлекетке 100 млн. сом төлөп берген.

Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында соттолгон Осмонбек Артыкбаевдин родун Саматбек Ибраев ээлейт. Ал Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болуп катталды.

.