10.05.2018 13:36

Депутаттык комиссия ЖЭБде модернизация жүргүзүү зарылдыгы болгонун моюндашты

Депутаттык комиссия ЖЭБде модернизация жүргүзүү зарылдыгы болгонун моюндашты

Депутаттар ЖЭБди  модернизациялоо үчүн өлкөдө каражат жоктугунан, башка жактан келген акчаны колдонуп болсо да, оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы болгонун моюнга алышты. Бул туурасында калаанын жылуулук түйүнүндө орун алган авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүндө айтылат, деп билдирет 24.kg.

Комиссияга кирген эл өкүлдөрүнүн айтымында, келишим түзүүдө өкмөт Кытай тараптын сунушун эске алуу менен  ТВЕА компаниясын тандаган. 

Андан сырткары, депутаттар 386 млн долларды берүү тууралуу насыялык келишим англис тилинде түзүлгөнүн жана анда мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын кол тамгасы коюлганын байкашкан. Өкмөт болсо  орус тилиндеги долбоору менен таанышып, жактырган болчу. 

Корутундуда модернизацияланган ЖЭБди кабыл алуу, андагы кээ бир тутумдардын курулушу бүтө электигине карабай, шашылыш жүргөнү көрсөтүлөт. 

Депутаттар  башкы прокуратура менен УКМКны 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылганын текшерип чыгууга чакырышты. 

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. 

 

(фото KNEWS.kg)