26.02.2020 12:44

ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаковдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу отурум жылдырылды

ЖЭБ боюнча сот: Сапар Исаковдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу отурум жылдырылды

Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Анда айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызы каралат.

Бирок, соттук отурумга мурдакы премьер-министр Сапар Исаков келе алган жок. Себеп катары кан басымы көтөрүлүп, ден соолугу начар болуп жатканы айтылды.

Жактоочусунун айтымында, Сапар Исаковдун кан басымы көтөрүлүп, башы айланып жатат.  Бул себептүү  отурумду жылдыруу өтүнүчү келтирилген. Соттун чечими менен эгер Сапар Исаковдун саламаттыгы жакшырса, отурум түштөн кийин саат экиде уланат. 

Эске салсак, райондук соттун өкүмү менен мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов дагы камалган.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен Финансы министри Ольга Лавровага айып салынган.