11.05.2020 13:27

Прокуратура Атамбаевге коронавирус жуктурганы жатабы?

Прокуратура Атамбаевге коронавирус жуктурганы жатабы?

Прокуратура Атамбаевге коронавирус жуктурганы жатабы? Мындай суроо менен жактоочу Нурбек Токтакунов коомчулукка кайрылды.

Жактоочунун мындай билдирүүсү эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрүп кетсек.

Бүгүн, 11-майда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев ооруп жатканын, балким бул коронавирус болушу мүмкүн экенин, коркуп жатканын сотко билдирген.

Ал судьядан медициналык кароодон өткөрүүгө жардам берүүнү суранды, анткени Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчилиги менен медициналык кызматы анын арызына жооп бербей койгон. Калган айыпталуучулар да коркунучтуу илдет  боюнча тынчсызданууларын билдиришти.

Сот Сагымбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарган жок. Айыпталуучулардын коронавируска шектелип жаткандыгына байланыштуу тергөө изоляторунун администрациясына карата чара көрүлөбү, азырынча белгисиз.

«Бирок эң таң калычтуусу, Канат Сагымбаев оорунун белгилери жөнүндө билдиргенден кийин, мамлекеттик айыптоочу Асакеев ордунан туруп, айыпталуучу Атамбаевдин башка соттолуучулар менен бирге айнек   «аквариумда» отурушун талап кылды», - деди жактоочу.

Айыпталуучулар үчүн «айнек менен тосулган орун» кичинекей болгондуктан, Атамбаев жактоочусунун жанында отурганын эске салды.

Токтакуновдун айтымында айнек менен тосулган жерде калган жети айыпталуучу тыгылышып, бири-бирине жакын, вирусту жайылтууга жакшы шарт түзгөн абалда отурушат.  

«Таң калычтуу жагдай,  судья Сыдыков айыпталуучунун оорунун  белгилери жөнүндөгү билдирүүсүнө маани бербей, прокурордун өтүнүчүнө дароо жооп кайтарып, Атамбаевди айнек кутучага киргизүүнү тапшырды.

 

 

Мамлекеттик айыптоо Атамбаевге коронавирус журтургусу келип жаткандай сезим калтырды. Болбосо, эмне үчүн алар Атамбаевди аквариумга отургузууну  талап кылышууда, бирок ал жерге батпаса дагы? Эмне үчүн алар сот тарабынан карантин чаралары одоно бузулуп жатканын байкабай жатышат? –деп жактоочу суроо салды.

Белгилей кетсек, соттук отурумдун жыйынтыгы менен судья прокурордун өтүнүчүн канааттандырды. Мындан ары соттук териштирүүлөрдө Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев башка айыпталуучулар менен чогу «аквариумда» отурууга милдеттүү.

Кундуз Жолдубаева камакта отургандардан коронавирус илдетин текшерип, тез арада тийиштүү чараларды көрүү керектигин билдирди.

«Эгер факт тастыкталса, ЖАМК жетекчилигин ооруну жашырганы үчүн жоопко тартуу керек. Бул кылмыш», - деди Жолдубаева.