12.05.2020 11:38

Динара Аляева: Бийлик балдар хосписинин имаратын тартып алганы жатат. Демилгечи- Евгения Строкова

Динара Аляева: Бийлик балдар хосписинин имаратын тартып алганы жатат. Демилгечи- Евгения Строкова

Бийлик Балдар хосписинин имаратын тартып алганы жатат. Бул тууралуу «Помогать легко»  коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Балдар хосписинин имаратын тартып алуу «акциясы» күн мурун өткөн Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында башталды. Мындай чечимдин демилгечиси- депутат Евгения Строкова, аны Альфия Самигулина, Аида Исмаилова жана башка депутаттар колдоого алып жатат. 

Алар мекеменин жетекчилигин Саламаттыкты сактоо министрлигинен камкордукка алынган бала үчүн жасалма дем алдыруу аппаратына чыгым материалдарын сурады деп айыптап жатышат. Жасалма желдетүүчү жабдыкка сарпталчу материалдар үйүндө катуу ооруп  жаткан балага керек болгон.

«Ушуга жүйө келтирип,  алар азыр хоспис имаратын алууга аракет кылып жатышат. Анда саламаттыкты сактоо министрлигине 3-мартта "Биринчи балдар хосписи" балдар кайрымдуулук фондунан  сейрек кездешкен илдетке чалдыккан балдарга керектүү каражаттарды алууга жардам сурап жөнөтүлгөн өтүнүч кат шылтоо катары колдонулган », -деп жазган Аляева.

Строкова хоспис дарегина карата дайыма сын-пикир айтып келет. Бул бир канча жылдан бери уланууда, бирок  ушул убакытка чейин Строкова тарабынан бир дагы орчундуу далил келтирилген эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлиги катка бир айдан кийин жооп берген: «КР саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын чыгымдарында өзүнчө берене жок болгондуктан, мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгым материалдарын сатып алууга материалдык жардам берүү  каралган эмес».

«Мындан сырткары, депутаттар  «жеке хоспис»  эмне үчүн талап кылып жатат жана эмне үчүн мамлекеттик имаратта жайгашканын текшерүү үчүн комиссия түзүүнү чечишкен. Мамлекеттин милдетин аткарып жаткан  фондго ар тараптуу колдоо көрсөткөндүн ордуна,  биздин балдар үчүн талап кылгандай кандай укугубуз бар экенин билгилери келип жатат», -  деп жазган Аляева.

Хоспистин камкордугунда өмүрүнүн аягына чейин алынган балдар бар жана алардын баары эле онкология менен оорушпайт. 500дөн ашык баланын  диагнозу паллиативдик жардамга муктаж.

«Жашоо үчүн 1 доллар»  кампаниясынын жардамы менен өлкөбүздө рак илдетине чалдыккандар үчүн линиялык тездеткич алынган.  Өкмөт дагы эки тездеткич үчүн 10 миллион доллар каражат топтоду.