04.12.2019 13:02

Кадр саясаты: мурунку укук коргоочу менен депутаттын кайым айтышы

Кадр саясаты: мурунку укук коргоочу менен депутаттын кайым айтышы

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова Кыргызстандын премьер-министри жүргүзгөн кадр саясатына нааразы. Ал укук коргоочу Рита Карасартованын башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине директор болуп дайындалганын сындап чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин отурумнда билдирди.

«Кызмат орундарына “бүлдүргүч-адамдарды” дайындап жатышат. Кайсы жерде туруксуздук болбосун, ал дайым ошол жерде жүрөт. Аны башталгыч кесиптик билим берүүнү талкаласын деп орнотуштубу?» - дейт депутат.

Айтымында билим берүү тармагындагы мындай кадрлардын айынан келечекте балдар Улуу Ата-Мекендик согушту Америка женген деп айтып калышат.

Депутат Евгения Строкованын айыптарын жаңы дайынталган Рита Карасартова жоопсуз калтырган жок.

Карасартова ага ишенип берилген тармакты оңдой ала турганын кызматы менен көрсөтөрүн айтты.

Аябай капа болгонум - биздин парламентте баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат мен мамлекетти бүлдүрүп жатканымды эмне менен өлчөгөнүн көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Эмнени талкалаганымды атаса. Депутатка каалаарым - жакшы маанай. Өзүн кыргыз деп сезсе кыргызча сүйлөп, ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. А мен билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын - дейт Карасартова.