28.02.2019 10:27

Дмитрий Ложников: Атамбаевдин маегин эфирге берүүдөн журналистиканын принциптери бузулган жок

Дмитрий Ложников: Атамбаевдин маегин эфирге берүүдөн журналистиканын принциптери бузулган жок

«Апрель» телеканалы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маегинде айтылгандарды төгүндөбөйт.  Бул туурасында бүгүн, 28-февралда Октябрь райондук сотунда үч саясатчынын Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызы боюнча соттук отурумда айтылды. 

Отурум жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Турдалиев ишке жоопкер катары тартылган «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун оюн дагы угууну сунуштады. «Доо арыз башында сиздин атыңызга жазылып, жоопкер сиз элеңиз.  Азыр «Апрель» телеканалы  жоопкер катары өтүп жатат. Мага азыр сиздин пикириңиз кызык.  Сиз эмне үчүн бул маекти эфирге кетирдиңиз?»-деп сурады Атамбаевдин жактоочусу.  

Ложников өз сөзүндө бул маекти эфирге кетирүү менен журналистиканын принциптери бузулду деп эсептебей турганын билдирди.

«Мен телеканалдын директору катары эфирге кетип жаткан материалдар үчүн жооптуумун. Азыр жоопкер катары телеканалды эмес, жеке мени атаса да, мен закон чегинде жооп берүүгө даярмын.  Атамбаевдин маегин мен эфирге чейин толук карап чыккам жана эфирге кетирүүгө уруксат бергем. Менин өзүмдүн оюм бар. Ал боюнча айтсам, биз журналистиканын принциптерин бузган жокпуз. Алмазбек Атамбаев көчөдөн келген адам эмес, ал 6 жыл президент болуп иштеген. Ал айтып жаткан сөздөрүн жөн жерден айтпайт. Билгенин -көргөнүн  айтат. Бирок, мага азыр журналист катары сот кандай чечим чыгараары кызык. Биз сотко эки өтүнүч келтирдик. Мамлекеттик каттоо кызматынан үч саясатчынын мүлктөрү тууралуу маалымат алалы дедик. Экинчи өтүнүчүбүз - маекке лингвистикалык экспертиза жүргүзөлү дедик. Бул эки өтүнүчүбүз тең четке кагылганы оңтойсуз сезим калтырууда, бирок мен сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенем», -деди Дмитрий Ложников.  

Ал ошондой эле, доогер тарап буга чейин каналга кайрылганын тастыктады. «Кечирим сурагыла, эфир бергиле деген. Мен дагы бир жолу айткым келет, журналист катары мага  сот кандай чечим чыгараары кызык. Биз саясатчылардын баарына ар дайым эфир берүүгө даярбыз. Бирок, азыр сот жүрүп жаткан учурда бербейбиз. Анткени, азыр эфир берсек, сот бул жагдайды эске алып, өкүм жумшартылып калышы мүмкүн. Кийин сот бүткөндө, «Нить накала»  долбооруна чакырууга даярбыз. 55 мүнөт беребиз. Бирок 55 мүнөт бою Атамбаев жөнүндө сүйлөбөйбүз. Бирок, маектеги сөздөрдү төгүндөбөйбүз», -деди Дмитрий Ложников.