30.04.2019 15:10

Документи жок тургундардан акча талап кылган. «Бишкекбашкыархитектура» кызматкери пара менен кармалды

Документи жок тургундардан акча талап кылган. «Бишкекбашкыархитектура» кызматкери пара менен кармалды

Мамлекеттик «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын бөлүм башчысы пара менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

2019-жылдын 29-апрелинде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкы архитектура» ишканасынын бөлүм башчысы, 46 жаштагы К.М. 1 миң. 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам «Арча-Бешик» жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтери жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2 миң АКШ долларын 2018-жылдын аягында алган.

Материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.