Доллардын кымбатташы. Кыргыз туроператорлору лира жана сомго өтүү аракетинде

Доллардын кымбатташы. Кыргыз туроператорлору лира жана сомго өтүү аракетинде

АКШнын Түркияга карата киргизген санкцияларынан улам лиранын күчү кетип, 1 доллар = 7 лирага чейин чыгып кеткен. Ал эми Кыргызстандын акча алмаштыруу жайлары түрк акчасын 9 сомдон сатып алышууда. Төрт-беш ай мурда лиранын курсу 18 сомду түзгөн.

Түрк акчасынын девальвациясы Кыргызстандык туристтик операторлорго кедергесин тийгизип жатышат. Алар күтүп жаткан туристтердин тобу Түркиядан келүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттары жана Түркиядан туристтерди чакырып, иштеген фирманын директору Кыялбек Дыйканов билдирди. 

Кыялбек Дыйкановдун айтымында, туристтик пакеттер бир нече ай мурда долларлык пакет менен сатылат. Аларды Түркиядан келчү эс алуучулар бир доллар үч жарым лирага бааланып турган кезде сатып алышкан. Учурда доллардын наркы Түркияда жети лирага чейин кымбаттаган. Мындан улам эс алуучулар Кыргызстанга келүүдөн баш тартышкан. 

АКШнын Түркияга жарыялаган санкциялары качан токтойт айтуу кыйын. Мындан улам Кыргызстандагы туристтик операторлордун өкүлдөрү түрк лирасы жана кыргыз сому менен иш алып барып, доллардан баш тартууну көздөшүүдө. Албетте, башында бул татаал болот. Бирок, бара-бара өз жемишин бере баштайт, дешет ишкерлер. Алардын айтымында, ар бир туристтин Кыргызстанда таштаган акчасын эске алганда жергиликтүү экономика жабыр тартууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын акча алмаштыруу жайлары түрк лирасын 9 сомдон сатып алышып, 12-13 сомдон сатышууда.