10.04.2019 09:50

Дональд Трамп: Биз Кыргызстанга мындан дагы коопсуз, демократиялык дүйнөнү курууга көмөктөшө алабыз

Дональд Трамп:  Биз Кыргызстанга мындан дагы коопсуз, демократиялык  дүйнөнү курууга көмөктөшө алабыз

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев АКШ Президенти Дональд Трампка Ишеним грамотасын тапшырды. Бул туурасында Элчиликтен билдиришти. 

Элчи Болот Отунбаев АКШнын Президенти Д.Трамптын дарегине кайрылуусунда Кыргызстан АКШ менен кызматташуусун өнүктүрүү  жана кыргыз-америка диалогунун жаңы мейкиндиктерин ачуу ниетинде экендигин белгиледи.

Ошондой эле Б.Отунбаев бүгүнкү күнү кыргыз-америка өз ара аракеттенүүлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы барактарын ачуу үчүн бардык шарттар бышып жетилгендиги тууралуу пикирин билдирди.

Өз кезегинде АКШнын Президенти Д.Трамп Б.Отунбаевди Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап жаңы кызмат орунда ийгиликтерди каалады.

Дональд Трамп Кыргызстандын аймакта демократиялык баалуулуктарды колдоодогу лидерлик ролун баса белгиледи, ошондой эле америка тарабы эки тараптуу кызматташуунун жалпы күн тартибинин үстүндө жана эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды тереңдетүүдө биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Дональд Трамп «Биз экономикалык өнүгүүнү жана биздин өлкөлөрдүн ортосунда коммерциялык байланыштарды кеңейтүүнү камсыздандыруу максатында өз ара аракеттер үчүн мүмкүнчүлүктөр көрүүдөбүз. Биз биргелешип мындан дагы коопсуз, демократиялык жана гүлдөп-өнүккөн дүйнөнү курууга көмөктөшө алабыз», – деп белгиледи.