05.03.2018 10:30

"Достук" көзөмөл-өткөрүү пункту кеңейтилет

 “Достук ”өткөрүү пунктунун жанындагы 32 үйдү Кыргызстан сатып алды. Дагы 3 үй боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Сатылып алынган турак-жайлардын орду көзөмөл –өткөрүү бекетин жаңылоо жана кеңейтүү үчүн пайдаланылат. Бул туурасында 3-мартта аталган пункттагы абалды текшерүү үчүн барган  вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.  Анын айтымында, өкмөт чек арачылардын санын да көбөйтүүнү максаттоодо.

Февраль айынан бери  ары –бери каттагандардын саны өскөндүктөн «Достук» өткөрмө бекетинде күн сайын тыгын жаралууда. Мамлекеттик чек ара кызматы бул абалды  соода-сатыктын жанданышы менен байланыштырат.

 2018-жылдын 15 –январынан бери документтерди  текшерүү он кабинада жүргүзүлүп жатат. Көзөмөл-өткөрмө бекеттен суткасына 7 миңден ашык адам өтүүдө. Бул мурункуга салыштырмалуу 1,7 эсеге көп көрсөткүч. Март айынан баштап, кошумча төрт кабина коюлмакчы.  

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, каттоо кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогалаңынан кийин чек арадан өтүш үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдетилген.