06.02.2019 11:29

Дресс-код: Ак үйгө кирүү үчүн деги кандай кийинип келиш керек?

Дресс-код: Ак үйгө кирүү үчүн деги кандай кийинип келиш керек?

Кездеменин кайсыл түрүнөн тигилген кийим кыргыз парламентине жарашат? Анын өңү кандай түстө болушу керек? Мындай суроолорго так жооптор кийим-кечек маселесин жөнгө салган мыйзамдык жоболордо так көрсөтүлгөн эмес.

Анын кесепетинен Жогорку Кенештин коноктору имаратка кире албай нааразычылыктар чыгууда. Мындан улам журналисттерден тарта ошол эле депутаттарга чейин дресс-код маселесин көтөрүшкөнү менен майнап чыкпай келет.