03.05.2018 17:28

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абасы эң таза өлкөнү аныктады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абасы эң таза өлкөнү  аныктады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 100 өлкөдөгү абанын абалы тууралуу докладын жарыялады. Бул көрсөткүчтөр 8 жылдан бери жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыгы.

Ага караганда, эң булганч аба - Камерун, Уганда, Катар жана Монголияда. Азия менен Африканын калкынын 90 пайызы кир аба менен дем алып келет. 

Ал эми, Канада, Исландия жана Норвегия мамлекеттеринин жашоочулары тескерисинче, таза атмосфера менен ырахаттанышат. Ошондой эле, Эстония менен Швециянын жарандарына да бул жагынан алганда ийгилик жылмайган. 

Абанын сапаты боюнча биринчи орунда Финляндия турат. Уюмдун маалыматына караганда, ал жакта чаңдын эң төмөнкү көрсөткүчү катталган: кубометрине 6 мкргр.